Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Милициянын айлыгын көтөрүүгө 1,5 млрд. сом бөлүндү


ИИМ кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу максатында мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 600 млн. сом бөлүндү. Бул тууралуу ички иштер министри Абдылда Суранчиев бүгүн тармакты реформалоо жана системаны өнүктүрүү кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтуусунда айлык акынын көтөрүлүшү кызматкерлердин иш стажына жараша болот. Министр милициянын айлыгын аскерлердин жана башка күч өкүлдөрүнүн айлыгына теңдөө максаты болгонун белгилеп, ички иштер кызматкерлерине күнүмдүк тамак-ашы үчүн берилүүчү кошумча акчанын суммасын 250 сомго чейин чыгаруу маселеси каралып жатканын айтты. Ушул тапта ИИМ кызматкерлерине бул акча 40 сомду түзөт.

Мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев милиция кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча буйрукка ушул жылы 14-январда кол койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG