Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

ТИМ Өзбекстандын жаңы паспорт тартибин түшүндүрдү


Өзбекстан биометриялык паспорт киргизгени кыргызстандык жарандарга эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" кыргыз Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө КМШнын дээрлик бардык өлкөлөрү биометриялык паспортко өттү. Ал эми паспорту жөнөкөй кыргызстандыктардын Өзбекстанга кирип-чыгуусу кыйындайт деген маалымат жок.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын пикиринде, азырынча биометриялык паспорт талабы Өзбекстан жарандарына гана тиешелүү деп айтылганы менен, Сох анклавы аркылуу өтүүчү кыргызстандыктардын тынчсыздануусун жаратууда. Сохко Айдаркен тараптан кирүүчү Чечме тосотунда жазылып турган маалыматка ылайык, биометриялык паспорт өзбек жарандарынан 1-июлдан тартып талап кылынмакчы.

Баткен райондук администрациясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, биометриялык паспорт тууралуу талап жөнүндө алдын ала маалымат Өзбекстан тараптан түшкөн жок. Бирок, акимчиликтин билдиришинче, эки өлкөнүн чектеш аймактары ортосундагы келишимдерге ылайык, ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу маалымат коңшуларга алдын ала берилүүгө тийиш.

Өзбекстандын Сох анклавы Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Баткен районунун жогорку зонасындагы ондон ашуун айылдын тургундары Сох анклавы аркылуу өтүүгө аргасыз. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG