Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Сохтуктардын унаасын талкалагандар кармалды


Баткен облустук милициясынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, 23-май күнү Өзбекстандын Сох анклавына өтүүчү транзиттик жолдо сохтук Хурсанжон Илесовдун “Дэу Нексия” автоунаасы талкаланган. Ал үчүн Кадамжай районунун Орозбеков айылынын тургуну Гайрат Ысаков шектелип, камакка алынды.

Ошондой эле 14-май күнү аталган райондогу Чечме айылынын эки тургуну Сох анклавына өтүп бараткан өзбекстандык жарандын “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын кууп барып, токтотуп, айнектерин талкалап салган. Бул окуя боюнча күнөөлүү деп шектелгендер кармалып, камакка алынды. Учурда алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Өзбекстандын Сох анклавы Баткен облусунун аймагында жайгашкан. Анклав Өзбекстандын негизги бөлүгү менен Сох-Риштан жолу аркылуу байланышат.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG