Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Китепканалар күнү белгиленүүдө


Бүгүн Кыргызстанда Китепканалар күнү белгиленүүдө. Китепкана кызматкерлери оз кесиптик майрамын бул күнү 2009-жылдан бери белгилеп келатат. бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпы фонду 19 миллион китепке жетке 1 миңден ашуун китепкана иштеп жатат.

Китепкана күнү бүгүн Жалал-Абад шаарында да белгиленип, облустук театрда өткөн салтанатка мектеп окуучулары, мугалимдери жана китеп сүйүүчүлөр катышты. Салтанатта китепти даңазалаган оюн-зоок, ыр-күү, бий аткарылды. Облуста 2 миллион 146 миң нуска китеп фондусу бар 194 китепкана иштейт. Алардын ичинен 58и интернет байланышына ээ.

Жалал-Абад облустук китепканасынын директору Сейил Аталиеванын айтымында, жакында ар бир китепканага он нускадан англис тилинен кыргызчага которулган көркөм адабий китептер келди. (YA)

XS
SM
MD
LG