Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Кыргызстан Украинадагы шайлоо боюнча билдирүү жасады


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы президенттик шайлоого байланыштуу бүгүн билдирүү жасады. Анда "Кыргызстан президенттик шайлоо өткөрүү боюнча Украинанын аракеттерин кубаттайт жана бул өлкөнүн элинин эркине сый менен мамиле кылат" деп айтылганын "Азаттыкка" министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди.

- Кыргызстан украин эли башынан өткөрүп жаткан окуяларды түшүнүү менен бул өткөн шайлоо жалпы Украин консенсусунун орношунда, коомдук-саясый жана аймактык карама-каршылыктарды жеңип чыгууда өзүнүн позитивдүү ролун ойноп, өлкө элинин кызыкчылыгын эске алуу менен тынчтык жана туруктуулук үчүн жалпы улуттук диалогдун маанилүү шарты болот деп үмүттөнөт.

Билдирүүдө айтылгандай, Кыргызстан мурдагыдай эле Украинадагы кризисти жөнгө салуу процессин жана тынчтык орнотуу маселелерин алга жылдыруу эл аралык укукту жана БУУнун Уставын сактап диалог жүргүзүү менен гана чечилиши керек деген пикирди карманып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG