Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Путин Украинадагы "жазалоо операциясын" токтотууну талап кылды


Орусиянын президенти Владимир Путин украин бийликтеринин чыгыштагы аскерий операциясын “жазалоочу аракет” деп атап, муну тезинен токтотууну талап кылды. Донецкте кечээги атышууларда орусиячыл сепаратисттер кеминде 30 адамынан айрылышканын, жалпысынан 100гө жакын адамы өлгөн болушу мүмкүндүгүн айтышкан.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков бүгүнкү сөзүндө “азыр өкмөттүк аскерлер Донецк аэропортун толук көзөмөлдөп турушканын” айтты. Азырынча кечээги чабуулдан канча адам өлгөнү тууралуу расмий кабар түшө элек. Аваков болсо өкмөттүк күчтөр тарабынан эч ким курман болбогонун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG