Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Ооган жоочулары үч түркмөн чек арачысын өлтүрүп кетишти


Ооганстандын түндүгүндө Түркмөнстан менен чектешкен Фарияб провинциясында согушкерлер үч түркмөн чек арачысын өлтүрүшкөнү кабарланууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматына бүгүн сүйлөгөн Гормач районунун акими Асал Хан түркмөн чек ара бекетине чабуул 24-майда болгонун айтты. Окуянын чоо-жайы белгисиз. Түркмөн расмий бийликтери инцидентти тастыктай элек. Талибан да бул чабуул тууралуу билдирүү таратканы билинбейт. Мартта да Ооганстандын түндүктөгү бир провинциясы - Багдисте - талиптер үч түркмөн чек арачысын өлтүрүшкөнүн жергиликтүү бийликтер айтышкан.

XS
SM
MD
LG