Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

23 кыргызстандык БУУнун тынчтык операцияларына катышууда


Учурда 23 кыргызстандык аскер Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу операцияларына катышууда. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Алар Либерия, Судан жана Гаитиде кызмат өтөөдө.

Эртең, 29-майда БУУнун тынчтык орнотуучуларынын күнү белгиленет. Бул күндү белгилөө чечими 2002-жылы БУУнун Башкы ассамблеясына кабыл алынган болчу.

1948-жылдан бери БУУ дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде 69 тынчтык орнотуу операциясын жүргүздү. Учурда 16 миссияда 100 миңге жакын адам кызмат өтөөдө. Тынчтык орнотуучулар жаңжал чыккан жерде атышууну токтотуу режиминин сакталышына гана көз салбастан ошол өлкөнүн согуштан кийинки калыбына келүү аракеттерине да жардам берет.

Кыргызстан мындай миссияларга катышып жаткан Борбор Азия ичинен биринчи, ал эми КМШ боюнча төртүнчү өлкө. (RK)

XS
SM
MD
LG