Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Ош –Эркеч-Там жолу ачыла элек


Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери кечээтен тарта бууп турган жол ачыла элек. Алар жолго боз үй тигип, таштарды төгүп, жолду тосушкан. Ош облустук ИИБнан “Азаттыкка” маалымдашкандай, Алай районунун акими жол тоскондор менен жолугуп, жолду ачтырууга жасаган аракети оңунан чыккан жок. Милиция кырдаалга көз салууда.

Бүгүн Бишкекте Акматбек Келдибековду коргоо комитетинин мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүп, жол тосуунун себептерин түшүндүрүп беришти. Алар Алайда жол тосуп тургандардын талабы менен тааныштырып, Келдибековду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну, соттук териштирүүлөрдү андан ары улантууну талап кылып жатышканын айтышты.

ЖК депутаты, “Ата Журт” фракциясынын башчысы Акматбек Келдибеков коррупцияга айыпталып, өткөн жылдын аягында камакка алынган. Бул убакыттан бери ага бир нече операция жасалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG