Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Түштүк Африка инвесторлору Кыргызстанга кызыгууда


Түштүк Африка республикасынын инвесторлору Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн Экономика министрлигинен кабарлашты. Министр Темир Сариев Түштүк Африка элчиси Шириш Манаклал Сони менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулады. Элчи Кыргызстандын тоо кен жана туризм тармагына кызыгуу бар экенин айтты.

Түштүк Африка республикасы мунай, азык түлүк жана химиялык товарларды импорттойт. Ал эми экспортко негизинен алмаз, алтын, унаа жана ар кандай жабдууларды жөнөтүп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG