Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Бишкекте Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн Улуттук филармонияда белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргызстандын Баатыры, Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75-жылдык маарекесине арналган иш-чара өтүүдө. Эскерүү жыйынына катышкан парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков өз сөзүндө "Садырбаев өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна өтө активдүү катышып келгенин өзгөчө белгилеп, депутат болуу менен парламентаризмдин өнүгүшүнө төө көтөргүс барандуу салымын кошконун" баса белгиледи.

Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. "Кайран эл" саясий партиясын түзгөн. 70тен ашык даректүү, 16 көркөм тасманын, 8 китептин автору. Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл артисти жогорку наамдарынын ээси Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG