Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Аба ырайы кескин өзгөрөт


29-майдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктердин айтымында, узакка созулган кургак аба ырайынан кийин 29-майда айрым жерлерде, 30-майдан 2-июнга чейин көпчүлүк аймактарда нөшөр жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

30-31-майда өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы 18…23°, тоо этектеринде 11…16° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°ке чейин төмөндөйт.

Мындай аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG