Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Кыргызстандык делегация БУУга балдар укугу боюнча отчет берет


БУУнун балдар укугун коргоо боюнча комитетинин бүгүн Женевада өтүүчү сессиясында Кыргызстандан барган делегация маалымат берет. Делегацияны социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жетектеп барган, курамында ЖК депутаты Галина Скрипкина, Жогорку Сот төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Гүлнара Искакова жана башка расмий адамдар бар. Алардан сырткары бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да бар.

Балдар укугун коргоо жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдардын маалыматында, Кыргызстанда балдардын укугу корголгон эмес жана алар жетиштүү камкордукка алынбайт. Жылдан жылга кароосуз калып, интернатка өткөрүлгөн балдардын саны да көбөйүүдө.

Кыргызстанда калктын 40 пайызын балдар түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG