Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Астанада Евразия биримдигине каршы чыккандар соттолду


Астанада Казакстандын Евразия экономикалык биримдигине киришине каршылыгын билдирип чыккан 7 активист соттун чечими менен 4 күнгө чейин камалды.
27-майда баш калаанын жанындагы Ильинка шаарчасында болгон акцияны чагылдырган 3 журналист да Административдик кодекске ылайык 4 күнгө камакка алынды. Алардын арасында "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Оркен Жоямерген да бар. Ага бейбаштык кылган деген айып тагылды.

Активисттер 29-майда Казакстан президенти Беларус жана Орусия мамлекет башчылары менен жолугушуп, биримдик боюнча келишимге кол кое турган күнү нааразылык акциясын өткөрүүнү пландоо үчүн чогулушкан. Полиция адегенде 20 кишини кармаган. Кийин алардын жарымы кое берилген.

Кремлдин ырастоосунда, Евразия экономикалык биримдиги “КМШ аймагында эң ири орток рынокко айланмакчы”.

XS
SM
MD
LG