Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Казакстанда алгачкы атомдук станция курулат


Москва менен Астана Казакстанда атомдук станция куруу боюнча меморандумга кол коёору күтүлүүдө. Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков бүгүн Москвадагы кабарчыларга билдиргенине караганда, документке бейшембиде Астанада эки өлкөнүн президенттеринин жолугшуусунда кол коюлат.

Орусиянын технологиясынын жардамы менен салына турган станция Курчатов шаарына жайгашмакчы. СССР убагында ал шаар Семипалатинсктеги атомдук комплекстин борбору болуп келген. Ишкананын качан бүткөрүлөөрү маалымдалган жок. Ал Борбор Азиядагы алгачкы атомдук станция болмокчу,

Казакстанда дүйнөдөгү урандын 25 процентинен көбү өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG