Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Талибан АКШнын Ооганстандагы аскерлер боюнча жаңы планын айыптады


Талибан кыймылы АКШнын Ооганстандагы аскерлерди чыгаруу боюнча жаңы планын “оккупациянын уландысы” деп айыптады. Ал эми Ооганстандын президенттиигине талапкерлер болсо президент Барак Обаманын билдирүүсүнө ой-пикирин айтыша элек.

27-майда президент Барак Обама ушул жылдын аягында Ооганстандагы согуштук бөлүктөрдүн көбү чыгарылгандан кийин ал өлкөдө 9 миң 800 аскер калаарын билдирген. Эмки жылдын аягында алардын саны эки эсе кыскартылмакчы. Ал эми контингент толугу менен 2016-жылдын соңуна чейин кетет деп болжолдонууда.

Талибан өз билдирүүсүндө АКШ аскерлеринин өлкөдө кала беришин “суверенитетти, динди жана адам укуктарын бузуу” катары эсептээрин белгилейт.
Президенттик жарыштын экинчи айлампасына чыккан Абдулла Абдулла жана Ашраф Ганинин маалымат катчылары алар Обаманын планы менен таанышып жатышканын билдиришти.

НАТОнун басма сөз өкүлү Оана Лунгеску Обаманын жарыясы альянстын ооган аскрелерин 2014-жылдан кийин да машыктыруу жана колдоо миссиясына дал келээрин айтты.

XS
SM
MD
LG