Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Абхазия президенти “мамлекеттик төңкөрүш аракетин” айыптады


Абхазия президенти Александар Анкваб Коопсуздук кеңештин жыйынында бийлик өлкөнү кан төгүүдөн сактап калганын билдирди. Ал президенттик администрацияны басып алууну “куралдуу кутум” катары баалады.

Өзүнүн турган жери кайда экенин айтпаган Анкваб кырдаалды тынчтык жол менен жөнгөрүү мүмкүнчүлүгү бар болгонун белгилеген.

Кечээ күнү абхаз оппозициясы Сухумидеги административдик имараттарды ээлеп, убактылуу өкмөт түзүлгөнүн жарыялашкан жана Александр Анквабдын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Күч структуралары президент Анквабды колдогон билдирүү таратышты. (AiT)

XS
SM
MD
LG