ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Казакстан менен Орусия атомдук электр станциясын курат

Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун кечээ күнкү билдирүүсүнө караганда, 29-майда Астанада орус президенти Владимир Путин менен казак президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу учурунда Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча меморандумга кол коюлат.

Андай станция Казакстандын түндүк-чыгыш облусундагы Курчатов шаарында орус технологиясы менен курулат. Казакстанда дүйнөдөгү урандын 25% өндүрүлөт. (AiT)
​
XS
SM
MD
LG