Вест-Пойнт аскердик академиясында АКШнын тышкы саясаты боюнча 28-майда сүйлөгөн сөзүндө президент Обама АКШ жана бүткүл дүйнөгө эң чоң коркунуч террорчулуктан келип жатканын белгиледи. Ал фондду түзүүнү колдоого Конгрессти чакырды:
- Мен Конгрессти контртеррордук өнөктөштүк боюнча 5 млрд. доллар каражаты бар жаңы фондду колдоого чакырам. Бул бизге машыгууга, мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүүгө жана террорчулукка бет маңдай турган өнөктөш өлкөлөргө жардам берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Барак Обаманын билдирүүсүнө караганда, Кошмо Штаттар күчтү АКШнын эң орчундуу кызыкчылыктарына коркунуч келгенде гана колдонот. Ал ошондой эле Иран боюнча тынчтык келишимге жетишүүгө мүмкүнчүлүк бардыгын, ал эми Сирия жаңжалын күч менен чечүүгө мүмкүн эместигин белгиледи. (AiT)