Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Ош – Эркечтам жолу ачылган жок


Оштон кабарчыбыз билдиргендей, Ош – Эркечтам жолунун Сопу-Коргондогу бөлүгүндөгү жолдун ортосуна жана четине төрт боз үй тигилип, 300дөй адам турат. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабын коюп жатышат. Сопу-Коргондон Керим Сарбашевдин билдиргенине караганда, 28-майда алар менен район акими жолугушту, бирок сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыккан жок.

Жүздөгөн унаа жолдун эки тарабында топтолуп турат. Жол тоскондор ооруларды, зарыл иштери барларды, жеңил унааларды өткөрүп, жүк ташуучу машинелерди өткөрбөй турушат. (AiT)

XS
SM
MD
LG