Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Атамбаев Астанага жөнөп кетти


Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол коюлуучу саммитке Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация бүгүн жөнөп кетти. Делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, экономика министри Темир Сариев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жана башкалар бар. Кыргызстандын мамлекет башчысы Евразия экономикалык биримдигинин жыйынына катышып, сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

Ал эми Орусия, Казакстан жана Беларус президенттери Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол коеру айтылган. Саммитке ошондой эле Армениянын президенти да катышары күтүлүүдө.

Орусия, Казакстан жана Беларус Бажы биримдигине мүчө. Бажы биримдигине кирүү демилгесин Армения жана Кыргызстан да билдиришкен. Кыргыз өкмөтү жана Жогорку Кеңештин эл аралык комитети Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча "жол картасын" жактырып беришкен. (BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG