Чүй облустук соту аны кылган кылмышы үчүн айыптуу деп таап, төрт жылга эркинен ажыратты. Бирок Аманбаева тергөө абагында отурган үч жыл убактысы үчүн сот залынан эркиндикке чыгарылды. Ал эми аны менен кошо "адам өлтүрүүгө катыштыгы бар" деп айыпталган Урмат Аскеев тагылган айып боюнча күнөөлүү деп табылып 9 жылга эркинен ажыратылды. Анын алдын ала абакта жаткан бир күнү эки күн катары саналат жана мунапыска ылайык жазаа мөөнотү үчтөн бирге кыскарды. Ал эми дагы бир айыпталуучу Алишер Жумашев да аталган берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга жатак абагына кесилди. Анын тергөө абагында жаткан бир күнү 3 күн деп эсептелет. Соттолгондор тергөө абагына 2010-жылдын 11-декабрында камалышкан.
Шахида Аманбаева 2010-жылы Токмок шаарында адам өлтүрүү фактын жаап-жашырган деген айып менен кармалып, камакка алынган. Ал өзүнө тагылган айыпты алгач моюнуна алганы менен кийинчерээк милиция кызматкерлери аны кыйноо жолу менен моюнуна алдырганын айтып чыккан.
Прокуратура Аманбаеваны 13 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу. (ZKo)