Кыргызстандагы кароосуз калган, жетим балдар тарбияланган балдар үйлөрү, интернаттар боюнча толук маалымат жайгаштырылган өзүнчө сайт ачылды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты. Вице-премьер-министр Элвира Сариева сайттын презентациясына катышып, жардам берүүнү каалагандардын маалымат алуусу үчүн жакшы өбөлгө түзүлгөнүн айтты.
deti.okmot.kg сайтында Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан мамлекеттик жана жеке балдар үйлөрү, алардын муктаждыктары боюнча толук маалымат, темага байланыштуу кабарлар, пайдалуу шилтемелер бар.
Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке менчик формасындагы 117 балдар үйү бар. Аларда багылып жаткан балдардын саны 11 миңден ашат. Мамлекеттик балдар үйүндө тарбияланган бир балага өкмөт ай сайын 7 миң сом бөлөт, бирок ал жашаган имаратты тейлөө, коммуналдык төлөмдөр, тарбиячылардын айлык акысына кетип отуруп, баланын өзүнө 250 сом гана жумшалат. (RK)