Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Бакыда футбол боюнча “Каспий кубогу” үчүн мелдеш башталды


29-майда Азербайжандын борбору Бакы шаарында футбол боюнча 16 жашка чейинки балдар арасында “Каспий кубогу” эл аралык турнири башталды. Ага Кыргызстандын тандалма командасы да катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын өкүлү Канат Асенов маалымдады.

Турнир 5-июнга чейин өткөрүлөт. Мында 12 өлкөнүн жаш футболчулары күч сынашууда. Кыргызстандын уландар командасы чүчү кулак кармоодо "В" тобунда Иран жана талаа ээлери азербайжандык футболчуларга туш болду.

29-майда биринчи атаандашы ирандыктар менен беттешет.1-июнда Азербайжандын уландар командасы менен ойнойт. Мында кыргызстандык уландар өз тобунда дагы алдыга чыгышы кыйын. Себеби атаандаштары күчтүү, даярдыгы мыкты. "Бирок ушундай мелдештерге катышып турса чеберчилиги өсүп, тажрыйба топтойт", - дейт машыктыруучу Ниязбек Алиев.

Кыргызстандын командасы быйыл “Каспий кубогуна” төртүнчү ирет катышууда. (КМа)

XS
SM
MD
LG