Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Бажы биримдигинин алкагында кыргыз-орус фонду түзүлөт


Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кире турган болсо алгачкы жылдары ага колдоо көрсөтүү үчүн кыргыз-орус фонду түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Астанада өтүп жаткан Беларус, Казакстан жана Орусия президенттеринин саммитине катышкан кыргыз башчысы Алмазбек Атамбаев билдирди. Орусия каржылай турган бул фонд аркылуу келүүчү инвестициялар үчүн Кыргызстан ыңгайлуу шарт түзүп бермей болду.

Атамбаевдин айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирген алгачкы жылдары айрым кыйынчылыктар пайда болуп, өнөр жайдагы көрсөткүчтөр төмөндөп, жумушсуздук күчөшү ыктымал.

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия төрагасы Виктор Христенко Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол картасы" кол коюуга даяр экенин билдирди. Кыргызстан бийлиги биримдикке кошулууга даяр экенин билдиргени менен акыркы чечимин кабыл ала элек. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG