Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Евразия экономикалык жаңы биримдик түзүлдү


Орусия, Казакстан, Беларус Астанада Евразиялык Экономикалык шериктештик келишимине кол коюшту.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандан Нурсултан Назарбаев жана Беларустун жол башчысы Александр Лукашенко кол койгон документтин негизинде бажы салыктары бирдей боло турган аймак түзүлөт. Келишим келерки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

ЕврАзЭШке каршылардын сөзү боюнча, Орусия эски СССРди калыбына келтирип жатат, Путин мындай сынды четке каккан. Астанадагы салтанаттан кийин үч президентке бул уюмга кирүүгө кызыгуу билдирген Армения менен Кыргызстандын президенттери кошулду.

Путин менен Назарбаев ошондой эле Казакстанда алгачкы ядролук кубат бекетин куруу боюнча меморандумга кол коюшту. Соңку кабарларда Астанада Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча "жол картасы" жактырылганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG