Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Изилдөө: Семиз адамдар дүйнөдө бир миллиарддан ашты


Дүйнөдө адамзатынын үчтөн бири семиз экендиги аныкталды. Лансет журналында жарыяланган изилдөөсүндө окумуштуулар дүйнөдө 2 миллиард 100 миллион киши ашыкча салмакта экенин жазып чыгышты. Буга салыштырмалуу мындан 33 жыл мурда 857 миң киши семиз деп табылган эле.

1980-жылдан 2013-жылга чейин 188 өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, эң жогорку көрсөткүч Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада. Бул аймактарда эркектердин дээрлик 60, аялдардын 65 пайызы ашыкча семиз. АКШда дүйнөдөгү семиз адамдардын 13 пайызы жашайт.

Эң семиз 10 өлкөнүн арасында Кытай, Индия, Орусия жана Пакистан да бар. Билл менен Мелинда Гейст кору каржылаган изилдөөдө ашыкча салмак саламаттык тармагына көп оорчулук келтирип жаткандыгы айтылат. Семиз кишилер жүрөк, рак, диабет, муун, боор ооруларынан көбүрөөк запкы тартат.

XS
SM
MD
LG