Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:55

Украинда Турчинов Порошенкону куттуктады


Украинанын өткөөл президенти Александр Турчинов батышчыл миллиардер Петро Порошенкону президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Турчинов Порошенко добуштардын дээрлик 55 пайызы менен жеңип чыккандыгын парламентте бышыктады.

Порошенкодон кийин келген экс-премьер Юлия Тимошенко 13 пайызга жетпеген добуш алды. Турчиновдун сөзү боюнча, Порошенко шайлоодон кийинки 15 күндүн ичинде ишке расмий киришиши керек. Турчинов ошондой эле 25-майдагы добуш берүүдө Виталий Кличко Киевдин мэри болуп шайланганын тастыктады. Кличко Порошенконун союздашы деп саналат.

XS
SM
MD
LG