Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Пакистанда кош бойлуу аялды таш баранга алып өлтүргөндөр изделүүдө


Ата-энесинин каршылыгына карабай турмушка чыккан Фарзана Парвеенге Лахор шаарында соттун сыртында кол салышкандардын арасында 25 жаштагы келиндин туугандары да болгон. Ата-энеси аны күйөөсү уурдап кетти деп сотко берген эле. Парвеендин күйөөсү аны соттун сыртында топтолгондор таш баранга алганда полиция эч кандай чара көрбөгөнүн билдирди.

Келиндин атасы камакка алынды. Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча баш өкүлү Нави Пиллай Пакистан өкмөтүн мындай киши өлтүрүүлөрдү токтотуу үчүн чукул жана катаң чара көрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG