Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Назарбаев: Жаңы биримдик суверендүүлүк маселесине шек келтирбейт


Евразиялык экономикалык жаңы биримдик келишимине бүгүн Астанада кол коюшту. Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандан Нурсултан Назарбаев жана Беларустун жол башчысы Александр Лукашенко Астанада кол койгон документтин негизинде бажы салыктары бирдей боло турган аймак түзүлөт.

Назарбаев жаңы уюм экономикалык биримдик экенин, ага кирген өлкөлөрдүн көз карандысыздыгы, саясий суверендүүлүгүнө шек келтирбей тургандыгын билдирди.

Владимир Путин мүчө өлкөлөрдөн айрым бийлик ыйгарымдарын ЕврАзЭШке өткөрүлүшү «алардын суверендүүлүгүнө залал келтирбейт, орток базар үч өлкөгө тең пайда алып келип жатат» деп ырастады. Лукашенко биримдикке келечекте Украина да кошулат деген үмүтүн билдирди.

Келишим келерки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG