Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Атамбаев Астанада Путин менен жолукту


Кыргыз президенти А.Атамбаев менен Орусия президенти В.Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун алдында. Кремль, Москва. 24.12.2013.
Кыргыз президенти А.Атамбаев менен Орусия президенти В.Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун алдында. Кремль, Москва. 24.12.2013.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Астанада орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолукту.

"Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асановдун билдиргенине караганда, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу жана бейшембиде Евразия экономикалык кеңешинде кабыл алынган чечимдердин алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу алакаларды мындан аркы өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Орусия Кыргызстандын экономикасын Бажы биримдигинин талабына шайкеш келтирүүгө көмөк кылуу максатында расмий Бишкекке каржылык жардам бермекчи. Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү Өнүктүрүү корун түзүү боюнча келишимге кол койду. Орусия Федерациясы Кыргызстанга 1 миллиард доллар узак мөөнөттүк насыя жана "жол картасын" ишке ашыруу үчүн 200 миллион доллар грант берүүнү убада кылды.

Айрым кыргызстандык серепчилер Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү ниетин колдошсо, башкалары "Кремлдин жаңы оторчул моюнтуругуна кабылып калбайлы" деп эскертишүүдө.

(BkA)

XS
SM
MD
LG