Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Турчинов: Орусия каржылаган кылмышкерлер жок кылынат


Украинада жикчилдер атып түшүргөн тик учмадагы 14 аскер набыт болду
Украинанын убактылуу президенти Александр Турчинов бүгүн украин парламентинде сүйлөдү:

Террористтер орусиялык курал биздин тик учманы атып түшүрүшкөндө, 14 аскер, анын ичинде генерал Куляицкий курман болду.

Турчинов депутаттарга өлкөнүн куралдуу жана коопсуздук күчтөрү өлкөнү террористтерден «тазалайт» деген ишенимин билдирди.

Словянсктын сыртында катуу атышуу болуп жаткандыгы кабарланды. Бүгүн ошондой эле шаардагы жикчилдер апта башында жоголгон ЕККУ уюмунун эл аралык 4 байкоочусун кармап тургандыгын мойнуна алышты.

Украинанын Улуттук гвардиясы билдиргендей, өткөн түнү орусиячыл жикчилдер Луганск шаарындагы гвардиянын турагына кол салганда, эки тараптан тең жоготуулар болду.

XS
SM
MD
LG