Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Украинанын газ көйгөйү Берлинде талкууланат


Европа Биримдиги жарыялагандай, биримдиктин, Орусиянын жана Украинанын өкүлдөрү Москва менен Киевдин ортосундагы газ талашын эртең жума күнү Берлинде талкуулайт.

Орусиянын мамлекеттик "Газпром" ишканасы Украинанын газ боюнча карызы 7 миллиард доллардан ашты деп ырастап, карызынан кутулууга 2-июнга чейин убакыт берген. 28-майда Орусиянын энергетика министри Александр Новак "Украина 30-майга чейин жок дегенде 2 миллион долларды төлөсүн" деп айткан.
Евробиримдик эгер Орусия Украинага газды азайтса, европалык айрым өлкөлөр газдан тукулжурап калат деп чочулоодо. Евробиримдиктин мурдагы коммунисттик өлкөлөрү орус газына көбүрөөк көз каранды.

XS
SM
MD
LG