Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:09

АКШ Көлбаев тобу тууралуу маалыматка 1 млн. доллар берет


Камчы Көлбаев Бишкектин 1-Май райондук сотунда. 18-апрель, 2013-жыл
Камчы Көлбаев Бишкектин 1-Май райондук сотунда. 18-апрель, 2013-жыл
АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамдепартаменттин расмий сайтына чыкты.

Көлбаевдин кылмыштуу желеси Борбор Азияда негизделип, мыйзамсыз маңзат ташуу, курал-жарак, адам сатуу сыяктуу жана башка оор кылмыштар менен алектенгени жарыяланган. Ошондой эле “Көлбаевдин тобу евразиялык уюшкан кылмыш топтордун синдикатына кирет” деп белгиленет.

Кеңири маалыматты www.state.gov/tocrewards сайтынан тапса болот. Ошондой эле Көлбаевдин кылмыштуу желеси жөнүндөгү маалыматты билгендер түз эле АКШнын Каржы департаментине электрондук кат жиберип, же жакынкы АКШнын элчилигине, же консулдугуна кайрылса болот. Билдирген адамдын купуялуулугу толук сакталат.

АКШ Конгресси бул программаны 2013-жылы эл аралык кылмыштуу топторду жана алардын лидерлерин аныктап, жоопкерчиликке тартуу максатында негиздеген.

Кошмо Штаттар Камчы Көлбаевди 2011-жылы дүйнөдөгү эң кооптуу делген "маңзат тизмесиндеги жети адамдын катарына кошкон. 2012-жылдан бери абакта отурган Көлбаев үч жылга эркинен ажыратылган, 8-июнда анын жаза өтөө мөөнөтү бүтөт. (EzK)

XS
SM
MD
LG