Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Украинада жикчилер өкмөттүк тик учакты атып түшүрдү


Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчиновдун билдирүсүнө караганда, Славянск шаарында атып түшүрүлгөн тик учакта 13 аскер жана бир генерал болгон:

- Славянск шаарында террорчулар тарабынан Орусиянын куралы менен биздин тик учак атып түшүрүлдү. Ал 14 аскерди алмаштыруу үчүн алып бараткан. Генерал Кульчицкий баш болуп баары набыт болду.

Славянск шаарында акыркы жумада айыгышкан кагылышуу жүрүп жатат. Өзүн шаардын мэри деп жарыялаган Вячеслав Понаморевдун билдирүүсүнө караганда, 26-майда кармалган ЕККУнун төрт байкоочусунун абалы жакшы жана алар жакын арада бошотулат.

25-майда президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Петро Порошенко антитеррордук операция улантыларын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG