Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

БУУ кош бойлуу аялдын таш баранга алынышын айыптады


25 жаштагы Фарзан Парвин Пакистанда соттун имаратынын алдында туугандары тарабынан таш баранга алынып өлтүрүлгөн.

Фарзан Парвиндин атасы аны зордук менен турмушка алып кетишкен деп сотко берген. Бирок ал өз каалоосу менен күйөөгө чыкканын билдирген. Үй-бүлөнүн намысын коргоо үчүн деп жакындары аны таш баранга алып өлтүргөн.

Фарзандын күйөөсү Мухамад Икбал кол салуу учурунда полиция кызматкерлери чара көрбөдү деп айыптады. Ал эми полициячы Мухамад Икбал биринчи аялын төрт жыл мурун өлтүргөн деп билдирип чыкты. Учурда Фарзан Парвиндин атасы кармалды. Ал эми калган туугандары боштондукта жүрөт.

Бириккен Улуттар Уюму бардык күнөөлүүлөрдү жазалоону жана мындай окуяларга жол бербөөнү Пакистан бийлигинен талап кылды. (AiT)

XS
SM
MD
LG