Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:05

Бишкек Бажы биримдиги маселесинде Астанадан жардам сурайт


Бажы биримдигинин талаптарын Кыргызстандын шартына шайкеш келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн 377 миллион доллар керек. Анын 200 миллионун Орусия бермей болду. Дагы 177 миллион табуу боюнча Казакстан менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Орусия бере турган каражаттын 55 миллиону чек арадагы шарттарды жакшыртууга жумшалат. Бул тууралуу бүгүн экономика министри Темир Сариев журналисттерге билдирди.

Кыргызстанда 1 млрд. долларлык каражаты бар Өнүктүрүү фондун түзүү келишимине Кыргызстан менен Орусия Астанада 29-майда кол койгон. Фонд Кыргызстанда өндүрүш долбоорлорун, ишкерлерди насыя менен камсыздоого багытталат.

Бейшембиде Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча "жол картасы" кабыл алынган. (BkA/SE)

XS
SM
MD
LG