Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

Украиналык Седюк Голливудда “өнөрүн” көрсөттү


Украинанын 1+1 TV каналынын мурдагы маскарапоз журналисти Виталий Седюк кино жылдыз Брэд Питтке кол салганы үчүн Голливудда полицияда кармалууда. Ал телеканалда атактуу адамдар менен маек курчу. Седюк 28-майда Анжелина Жоли башкы ролду аткарган “Малефисента” фильминин жүз ачары кезде тосмодон секирип өтүп, актрисанын никесиз күйөөсү Брэд Питтке кол салгандан кийин аны полиция кармап кеткен.

1+1 TV каналы Седюкту үч жума мурда кызматтан бошотуп, бирок себебин маалымдаган эмес. Ал Канн кинофестивалы кезде америкалык актриса Ферраренин көйнөгүнүн астына башын салып, “Кара кийимчен адамдар 3” фильминин Москвадагы премьерасында Уилл Смитти өпмөк болгон жана 2013-жылы англиялык ырчы композитор Аделланын ордуна Грэмми сыйлыгын алам деп сахнага атып чыккан.

XS
SM
MD
LG