Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Федор Конюховдун кайыгы Мулулабага жеткени калды

Тынч океанды жалгыз сүзүп өтмөк болгон орусиялык Федор Конюхов 31-майда марага жетет деп болжолдонууда. Конюховдун үй-бүлөсүнүн билдиришинче, ал ишемби күнү Австралиянын жээгине жетүүгө тийиш.

Саякатчынын уулу, экспедициянын жетекчиси Оскар Конюховдун айтымында, 30-майда атасынын Австралиянын Мулулаба шаарчасына жетишине 72 чакырым калган. Жазуучу- саякатчы Федор Конюховдун калактуу кайыгы 22-декабрда Чилинин Конкон портунан чыккан. Жалпы аралык 17 миң чакырым болот. Деңиз саякатына Орусиянын географиялык коому жана өкмөттүк ИТАР-ТАСС агенттиги демөөрчүлүк кылууда.
​
XS
SM
MD
LG