Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

"Кыргызалтын" жетекчиси бир айга камалды


“Кыргызалтын” акционердик коомунун директорлор кеңешинин башчысы Дилгер Жапаров 28-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” билдирди.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду “Кумтөр голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра голд инк.” ишканасына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптап, эки күн мурун кармаган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кызматтык абалынан пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кыргызстан “Кыргызалтын” ишканасы аркылуу "Центерра Голддун" 32,75% акциясына ээлик кылат. (SE)

XS
SM
MD
LG