Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Минскте КМШнын премьер-министрлер кеңешинин жыйыны ачылды


30-майда ачылган жыйында шериктештикке кирген мамлекеттер арасындагы маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү, техникалык инновация жана спорттук кызматташууну жакшыртуу боюнча 20 чакты документ талкууланат.

Саммитке Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын премьер-министрлери же вице-премьерлери баштаган делегация катышууда.

Украинанын атынан өлкөнүн Минсктеги элчиси катышууда. 14-майда украин парламенти КМШдан чыгуу боюнча мыйзам долбоорун карайт.

Бул жыйындан тыш убакта премьер-министр Жоомарт Оторбаев Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзада менен кездешип, чек ара маселесин талкуулашты.. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG