Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Пакистанда былтыр 869 аял “ариет-намыс үчүн” өлтүрүлгөн


Пакистан полициясы боюнда бар аялдын өз үй-бүлөсү тарабынан таш бараңга алынып өлтүрүлүшүнө байланыштуу төрт эркекти камакка алды.

Алардын ичинде маркумдун таякеси, эки жээни да бар. Бир күн илгери Фарзана Парвандын күйөөсү Мухаммед Икбал камакка алынган болчу. 25 жаштагы Фарзананы 26-майда атасы, агалары баш болгон туугандары Лахор шаардык сотунун алдында биз каалабаган эркекке күйөөгө чыктың дешип, таш бараңга алып өлтүрүшкөн. Келиндин атасын полиция ошо жерден камакка алган. Полиция бул окуядан соң Мухаммед Икбалды 2009-жылы октябрда биринчи аялы Айша Бибини өлтүргөнүн эстеп, аны камакка алганын билдирди. Пакистандын Адам укугу боюнча көз карандысыз комиссиясынын маалымдашынча, 2013-жылы эле Пакистанда 869 аял “ариет-намыс үчүн” өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG