Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Жапония союздаштарына жардам сунуштады


"Жапония Азиядагы тынчтыкты сактоодо чоң роль ойнойт",- деди премьер-министр Шинзо Абе 30-майда Азия - Тынч океан регионундагы мамлекеттердин коргоо министрлери, аскерий адамдары жана коопсуздук боюнча эксперттери катышкан “Шангри – Ла Диалог” форумун ачып жаткан кезде. Эксперттер Шинзо Абенин бул сөзүн Токионун Кытайдын өсүп бараткан таасирине каршы саясатынын багыты катары баалашты.

Абе өз сөзүндө Жапония жана АКШ тынчтыкты жайылтууда Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясы - АСЕАН менен коопсуздук жагынан кызматташууга даяр экенин айтып, Токионун региондогу союздаштарына деңиздеги жана абадагы коопсуздукту камсыздоодо жардам сунуш кылды.

Азыр Кытай жана Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү ортосунда Түштүк Кытай деңизи боюнча, Токио жана Бээжин ортосунда Чыгыш Кытай деңизи боюнча талаш жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG