Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

АКШда Бостондогу жарылуу боюнча кыргызстандык кармалды


Учурда АКШнын Квинси шаарында жашап жаткан 23 жаштагы кыргызстандык Хайрулложан Матановго АКШ бийлиги былтыркы жылы Бостон шаарындагы жардыруу боюнча күнөө койгонун Reuters агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта Матанов Бостон теракты боюнча иште фигурант катары каралууда. Жарылуу болоордон бир күн мурда Матанов ага-ини Царнаевдер менен тамактанганы жана алар менен достук мамиледе болгону аныкталган. Ага илинчектерди жок кылган жана суракта жалган көрсөтмө берген деген күнөө тагылууда.

2013-жылдын 15-апрелинде Бостондогу жарылуудан 3 адам мерт болуп 250 адам жараат алган. Жардырууну ага-ини Царнаевдер уюштурган деп табылган.

Тамерлан Царнаев кармоо учурунда каза тапкан. Жохар Царнаевдин үстүнөн соттук териштирүүлөр 2014-жылдын ноябрь айына белгиленген.

XS
SM
MD
LG