Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Абхаз президенти орусиялык базага жашынды


Абхазиянын президенти орусиялык согуштук базага барып баш калкалады.
Президенттик имаратты учурда саясий оппозиция көзөмөлдөп турат. Абхазияда жумурияттын иш жүзүндөгү башчысы Александр Анкваба Кара деңиздеги Гудаута согуштук базасынан баш калканч тапты.

Бул тууралуу кечээ Грузиядан бөлүнүп кеткен жумурияттын де-факто премьери Леонид Лакербая билдирди. Абхаз оппозициясынын колдоочулары ушул аптанын башында Анквабанын кеңсесин басып алгандан кийин, оппозиция парламентти каратып алган эле. 29унда орусиялык өкүлдөр менен жолукканда Анкваба иштен кетпей тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG