Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

АКШ Матанов боюнча маалымат сурай элек


Азырынча АКШдан Кыргызстанга так маалымат берүү жөнүндө өтүнүч келе элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди.

Ошондой болсо да кыргыз тарап учурда Матанов тууралуу маалыматтарды топтоп жатат.

"Азаттыктын" күч органдарындагы ишенимдүү булактарынын билдиришинче, Хайрулложон Матанов Жалал-Абаддын Сузак районунан болот. Ал 2010-жылы май айында АКШга кеткен. Ага чейин Жалал-Абад шаарындагы Кадыржан Батыров негиздеген “Элдердин достугу” университетинде окуп жаткан.

Ал арада Хайрулложон Матановдун Царнаевдер менен болгон алакасы тууралуу жаңы маалыматтар жарыяланууда. Анда Бостондо жардыруу болгондон бир нече саат өткөндөн кийин Матанов Царнаевдер менен бирге тамактанганы, теракт болгон күндөн кийинки күндөрү да бир нече жолу ага-инилерге байланышка чыгуу аракетин көргөнү маалымдалган.

АКШнын Федералдык прокуратурасынын маалыматына ылайык, Матанов Массачусетске мыйзамдуу жол менен келип, бир нече жерде иштеп, акча таап жашап жүргөн.

Кыргызстандык Хайрулложон Матановго 30-майда расмий айып тагылган. АКШ прокуратурасы ага былтыркы Бостон шаарындагы жардыруу боюнча күнөө койгон. Ага илинчектерди атайылап жок кылган жана суракта жалган көрсөтмө берген деген күнөө тагылууда.

2013-жылдын 15-апрелинде Бостондогу жарылуудан 3 адам мерт болуп 250 адам жараат алган. Жардырууну ага-ини Царнаевдер уюштурган деп табылган. Тамерлан Царнаев кармоо учурунда каза тапкан. Жохар Царнаевдин үстүнөн соттук териштирүүлөр 2014-жылдын 3-ноябрына белгиленген.

Буга чейин ага жардам берген деген шек менен АКШда окуп жаткан эки казак студенти кармалган. (SA/EBM)

XS
SM
MD
LG