Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Абхазияда оппозиция убактылуу өкмөт түзүп жатат


Грузиядан бөлүнүп кеткен Абхаз жумуриятында оппозиция лидери, Убактылуу улуттук кеңеш түзгөн Раул Хажимба Сухумидеги пресс-конференцияда өткөөл өкмөт түзүлүп жаткандыгын билдирди:

Азыркы тапта жумуриятта башкаруу системасын калыбына келтирүү жараяны жүрүп жатат. Биздин жарандардын турмушун татаалдаштырбашыбыз керек. Убактылуу Улуттук кеңеш аткаруу бийлигинин убактылуу схемасын түзүүгө шымаланып киришти.

Абхаз оппозициясынын колдоочулары ушул аптанын башында президент Анквабдын кеңсесин жана парламентти каратып алган эле. 29унда орусиялык өкүлдөр менен жолукканда Анкваб иштен кетпей тургандыгын билдирген.

Соңку кабарларга караганда, ал азыр Орусиянын Кара деңиздеги аскер базасына барып жашырынды.

XS
SM
MD
LG