Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Абхазияда убактылуу президент дайындалды


Абхазияда парламент президентти алмаштырып, чукул шайлоо жарыялады.
Оппозициячыл депутаттар парламентти өз көзөмөлүнө алган жумуриятта төрага Валерий Бганбаны өткөөл президенттикке дайындады. Чукул президенттик шайлоо 24-августка белгиленди.

Демонстранттар 27-майда кеңсесине басып кирип, өкмөттү таркатууну талап кылгандан кийин президент саналган Александр Анквабе орус аскер базасына качып кеткендиги кабарланган. Мунун алдында убактылуу улуттук кеңеш түзгөн Раул Хажимба Сухумидеги пресс-конференцияда убактылуу өкмөт түзүлүп жаткандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG