Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Алайда жол буугандар он боз үй тикти


Депутат Акматбек Келдибековду үй камагына чыгарууну талап кылып Алай районунда Ош-Эркеч-Там жолун бууп отургандар он боз үй тикти. Анын жетөө жолдун ортосуна, үчөө четине орнотулду. 27-май күнү башталган акция буга чейин ачык асман астында өткөрүлүп жаткан болчу.

Жол буугандар оорулуулардан башка эч кимди өткөрбөй жатат. Эки жакта жетимиштен ашуун жүк машинеси, ондогон жеңил унаа топтолуп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Акция катышуучулары Акматбек Келдибеков үй камагына чыгарылбаса, бийлик өкүлдөрүнө каршы катаал аракеттерди жасашарын өткөн жумада эскертишкен.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү жума күнү Келдибековдун маселесин талкуулап, анын ден соолугу начарлап турган учурда абакта кармоо туура эместигин, күч түзүмдөрү бул маселени дагы бир ирет ойлонуп, тийиштүү кадамдарды жасашы зарылдыгын белгилешкен. Алар "Азиз Батукаевди ооруп калганы үчүн аны биротоло абактан бошоткон бийлик Келдибековдун саламаттыгын эсепке албай жатканына" нааразы болуп жатышат.

Келдибеков өткөн жылдын ноябрында коррупциялык иштерге шектелип камалган. Андан бери колуна жана бутуна 3 жолу операция жасалды. Күч органдары аны тергөө абагында кармоо мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG