Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Улуу манасчы Жусуп Мамай дүйнө салды


Жусуп Мамай
Жусуп Мамай
1-июнь күнү эртең менен Кытайда жашаган белгилүү манасчы Жусуп Мамай 96 жаш курагында көз жумду. Анын сөөгү эртең, 2-июнда Ак-Чийде жерге берилет. Бул тууралуу Кытайдагы кыргыз тилдүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган.

Ал "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айткан. "Манас" дастанын Жусуп Мамай айткан варианты Кытайда араб тамгасы менен басмадан чыккан.

30-майда манасчыга Кыргыз Эл Баатыры деген наам жана "Ак-Шумкар" өзгөчө белгиси берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG